Акыйкатчы Атыр Абдрахматова укук коргоо органдары жана укук коргоо уюмдары менен Кыргызстандагы журналисттерди жана ЖМКларды колдоого байланышкан маселелерди талкуулады

18/03/2022 - 11:50

Бүгүн, 2022-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана Кыргызстандагы журналисттерди колдоо маселелери менен  алектенген укук коргоо уюмдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен алгачкы жумушчу жолугушуусун өткөрдү.

Бул жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндиги жана саясий плюрализм маселелери боюнча  ар тараптуу диалогду орнотуу жана натыйжалуу кызматташтыктын механизмдерин чыңдоо болду.

Бул иш чарага катышуу үчүн КР ИИМ министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, КР Башкы прокуратурасынын басма-сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолиддинов, КР УКМК өкүлү, ошондой эле  “Медиа өнүктүрүү борборунун” аткаруучу директору  Нургуль Абдыкеримова, “Адилет” укуктук клиникасы КФ директору Чолпон Жакупова, ЖМКга даттанууларды кароо боюнча комиссиянын төрагасы Тамара Валиева, КР Медиа-ОмбудсмениАкмат Алагушев, Борбордук Азия медиафонду Комиссиясынын төрагасы Ибраим Нуракун уулу, “Журналисттер” коомдук уюмунун төрагасы Марс Тулегенов, Уланбек Эгизбаев атындагы Журналисттик иликтөө фондунун директору Сапаргуль Абдинабиева жана  «Media Policy институту өкүлдөрү чакырылган эле.  

Талкуу учурунда бүгүнкү күндө Кыргызстандын маалыматтык vейкиндигиндеги бир катар актуалдуу маселелер жана көйгөйлөр талкууга алынды, ошондой эле аларды чечүүнүн жолдору жана КР Акыйкатчы институту менен укук коргоо органдарынын жана жарандык сектор менен ЖМКлардын жана журналисттердин конституциялык укуктарын коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнүн форматы талкууланды.

Тараптар:

- үзгүлтүксүз негизде кызматташуунун зарылдыгын;

- КР Акыйкатчы институтунун базасында конструктивдүү жана натыйжалуу аянтты түзүү зарыл деген пикирге келишти.

Анда өз ишмердигиг ишке ашыруунун жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттары менен мамлекеттик органдардын ортосунда келип чыгуучу системдүү жана кырдаалдык маселелерди чечүү үчүн аракеттер көрүлөт. Талкуу учурунда өзгөчө көңүл бурулган маселе Кыргызстанда кабыл алынган  “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” КР Мыйзамы, ал жөнгө салуучу анык эмес (жалган) маалыматтарды жайылтуудан жабыркагандар жана сайттардын ээлери, Интернет тармагындагы сайттын баракчаларынын ээлеринин ортосундагы өз ара мамилелер, жана укук мамилелеринин катышуучуларынын укук жана эркиндиктери маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.