Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Омбудсмендердин Евразия альянсынын VII жыйынына катышты

22/11/2022 - 12:25

2022-жылдын 15-ноябрында Москва шаарында Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын VII жыйыны болуп өттү, анда адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн (омбудсмендердин) ишмердүүлүгүнүн багыттарынын бири катары укуктук агартуу маселелери талкууланды. 

Омбудсмендердин Евразиялык альянсы адам укуктарын коргоо жана укуктук агартуу жаатында түрдүү мамлекеттердин омбудсмендеринин ортосундагы кызматташтыкты камсыздоо, өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча бирикме. Учурда Омбудсмендердин Евразиялык альянсына 9 өлкөнүн: Армения, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Россия Федерациясы, Сербия, Тажикстан, Өзбекстандын Улуттук укук коргоо институттары (Омбудсмендери) кирет. 

Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын VII жыйынына Азербайжан, Беларусь, Түркмөнстан жана Түркиянын Акыйкатчылары байкоочу катары катышты.