Акыйкатчы Атыр Абдрахматова ЕКПАнын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасындагы адам укуктарынын абалы тууралуу маалымдады

24/03/2022 - 14:52

Бүгүн, 2022-жылдын 24-мартында КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Кыргыз Республикасында иш сапарда жүргөн  Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Франциянын Улуттук жыйынынын депутаты, Саясий маселелер жана демократия боюнча комитеттин эксперт-баяндамачысы, ЕКПАнын мүчөсү Жак Мэр, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин катчысы  Павел Шевченко жана ЕКПА делегациясынын мүчөсү Ариан Лецерф катышты.

ЕКПА мүчөлөрү Атыр Абдрахматовага Кыргызстанга визитинин максаты, ЕКПА 1984 Резолюциясынын (2014) негизинде "Демократия боюнча өнөктөш" статусунун алкагында кызматташуунун келечеги, демократия куруу жана тиешелүү реформаларды жүргүзүү иштери тууралуу маалымат беришти.

КР Акыйкатчысы 2021-жылы Кыргыз Республикасында адам укуктарынын сакталышына парламенттик контролдун жүргүзүүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы 5 жылда адам укуктарын жана эркиндиктерин укук коргоонун эл аралык стандарттарына ылайык коргоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.