Акыйкатчы Атыр Абдрахматова ЕККУнун Бишкектеги офисинин өкүлдөрү менен жолугушту

18/03/2022 - 17:31

Бүгүн, 2022-жылдын 18-мартында КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин өкүлдөрү – Элчи, Программалык офистин башчысы Алексей Рогов, саясий маселелер боюнча улук кеңешчиси Юрий Фенопетов, Адамдык өлчөмдөр боюнча департаменттин эетекчиси Николас Мазик жана Укук үстөмдүгү маселелери боюнча кеңешчиси Бермет Акимканова менен жолугушту.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандын Акыйкатчысы менен Кыргызстанда адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча андан ары кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова КР Акыйкатчы аппаратына жана анын аймактык өкүлчүлүктөрүнө буга чейин көрсөткөн көмөгү үчүн ЕККУ өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди жана адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо Кыргызстандын укук коргоочулары менен Эл аралык уюмдардын тыгыз жана үзүрдүү кызматташтыгынын чыңдалаарына ишеним билдирди.