Акыйкатчы Атыр Абдрахматова БУУнун Кеңешинин жумушчу тобунун мүчөлөрү менен аялдарды жана кыздарды басмырлоо маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү

05/04/2022 - 11:24

Бүгүн, 2022-жылдын 5-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун Борбордук аппаратында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова БУУнун Кеңешинин жумушчу тобунун аялдарга жана кыздарга карата дискриминация маселелери боюнча Төрайымы Элизабет Бродерик айым менен жолугушту. Бул топтун мүчөлүгүнө, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков башында турган өкүлдөр бар.

Бул жолугушуунун максаты – Кыргызстанда аялдарга жана кыздарга карата дискриминацияга байланыштуу учурдагы көйгөйлөрдү, аларга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн алдын алуу жана жоюу боюнча мамлекеттик деңгээлде жасалып жаткан аракеттерди талкуулоо, ошондой эле адам укуктары боюнча улуттук институттар жана жарандык коом уюмдары менен кызматташуудагы алдыңкы тажрыйбаны талдоо болду.

Жолугушууда Кыргыз Республикасындагы мыйзамдык реформалар, ошондой эле аялдардын жана кыздардын тең укуктуулук укуктарын камсыз кылуу, анын ичинде мыйзамдардагы дискриминацияланган жоболорду кайра карап чыгуу жана жокко чыгаруу аркылуу өкмөт тарабынан ишке ашырылып жаткан саясат жана программалар талкууланды.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова КР Акыйкатчы институту аялдардын укуктарын коргоону улуттук өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыты катары тааный турганын билдирди.

«Биз иш-аракетибизди гендердик негиздеги социалдык жана маданий стереотиптерди жок кылууга багыттап, аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулуктун жана дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюушубуз керек”, деди.

Акыйкатчы ошондой эле өз ишинде төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи:

– айыл жеринде жашаган аялдардын укуктары;

– эркектер менен аялдардын ролу жөнүндө калыптанган пикирлерди жок кылуу зарылчылыгы;

– кош бойлуу аялдарды жана балалуу аялдарды жумушка алууда, командировкага жөнөтүүдө, түнкүсүн, дем алыш, эс алуу күндөрүндө ашыкча жумушка тартууда жана алар менен эмгек келишимин бузууда ж.б. учурларда кошумча кепилдиктерди жана укуктарды берүү.

Мындан тышкары, жолугушууда №2 колонияда жазасын өтөп жаткан (жаш балдары бар) аялдардын укуктары, ошондой эле бир катар мамлекеттерде күйөөлөрү эмгек мигранты болгондугунун натыйжасында аялдар дуушар болуп жаткан көйгөйлөр да көңүл сыртында калбай айтылды.