Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “Балдар укуктарын коргоочулардын лигасы” КФ директору менен жолугушту

14/03/2022 - 16:16

Бүгүн, 2022-жылдын 14-мартында КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова “Балдар укуктарын коргоочулардын лигасы” КФ директору Назгүл Турдубекова  менен жолугушту.

Назгуль Турдубекова Атыр Абдрахматованы Кыргызстандагы адам укуктарын коргоочу башкы ыйгарым  укуктуу кызматына шайланышы менен  кызуу  куттуктады, ал белгилегендей,  “Аялдар жана балдар адамдардын эң аяр катмары болуп саналат. Бул өңүттөн алып караганда,  лидер аял гана жарандардын аталган категорияларынын проблемаларын кылдат жана натыйжалуу чече алат”.  

Акыйкатчы  Атыр Абдрахматова белгилегендей, балдар коомдун өзгөчө тобу болуп саналат, ар бир балага жашоонун жагымдуу жана коопсуз шарттарын түзүп берүү жана колдоо ар бир  адамдын милдети:

- балдардын укуктары бузулган учурларда ыкчам таасир этүүнүн туруктуу механизмдерин ишке киргизүү;

- балдарды эсепке алуунун бирдиктүү системасынын болушун жана иштешинин натыйжалуулугун баалоо;

- балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктү жакшыртуу;

- аялдардын жана балдардын социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүнө системдүү мониторинг жүргүзүү;

- билим берүү чөйрөсүндөгү балдар укуктарынын бузулууларына баа;

- балдардын укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы менен жарандык сектордун уюмдарынын туруктуу өнөктөштүгүн кийирүү.

Тараптар балдар укуктарын коргоо маселесинде тыгыз жана үзүрлүү кызматташаарына ишеним билдиришти.