Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин студенттери үчүн “Ачык эшик күнүн” өткөрдү

15/03/2022 - 17:04

Бүгүн 2022-жылдын 15-мартында КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин 3-курсунун студенттери үчүн “Ачык эшик күнүн” өткөрдү.

Жолугушуу учурунда  Атыр Абдрахматова Акыйкатчы институтунун ишинин негизги багыттары, адам укуктарынын жана эркиндиктеринмн сакталышына парламенттик  контролдук жүргүзүү боюнча иштеринин негизги багыттары тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары студенттерге өзүлөрү кызыккан маселелер боюнча КР Акыйкатчы аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине  суроолорду берүү мүмкүнчүлүгү берилди.