Акыйкатчы аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу жана Адам укуктары боюнча Дания институту (ДИПЧ) "Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, Фаза-2" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты

05/07/2018 - 11:01

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) милдетин аткаруучу, Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси жана тармактык бөлүмдөрдүн башчылары Адам укуктары боюнча Дания институтунун (ДИПЧ) өкүлдөрү менен болгон координациялык жолугушууга катышышты.

Жолугушууда Европа Биримдигинин демилгеси жана каржылык колдоосу менен биздин өлкөдө өткөрүлүп жаткан "Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү" программасынын экинчи фазасынын алкагындагы алардын бирдиктүү иштеринин келечеги жана багыттары аныкталды.

Адам укуктары боюнча Дания институтунан белгилешкендей, азыркы тапта жогоруда аталган программа Кыргыз Республикасы тараптагы өнөктөштөрдүн келечектүүлүгүнө баа берет. Анын экинчи фазасы Кыргызстандын улуттук стратегиялары жана приоритеттеринин алкагында ишке ашат.

Бул жолугушуу КР Акыйкатчы институту менен биргеликте аткарылуучу иштердин так планын аныктоого жана түзүүгө багытталган.

Атап айтканда, төмөндөгүдөй багыттар талкууланды: Кыргыз Республикасында адам укутарын коргоо чөйрөсүндөгү бүгүнкү артыкчылыктар жана аны ишке ашырууда КР Акыйкатчы институтунун керектөөлөрү; Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясы жана бул стратегияда КР Акыйкатчы институтунун ролу;"Кыргыз Республикасындагы укуктардын үстөмдүгү" программасынын экинчи фазасын ишке ашыруунун жүрүшүндө Акыйкатчы институтунун жана  Адам укутары боюнча Дания институтунун өз ара аракеттери; гендердик маселелер боюнча жарандык коом менен өз ара аракеттер жана квалификацияны жогорулатуу.

Мындан тышкары, координациялык жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына тиешелүү маселелер боюнча, ошондой эле Акыйкатчы институтунда болгон негизги артыкчылыктар боюнча бир катар презентациялар жана "Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү,  Фаза-2" долбоорунун негизги векторлорунун презентациясы өттү.

 Ошондой эле Европа Биримдигинин программасынын алкагында гендердик теңчиликке тиешелүү маселелер, Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин дараметин жогорулатууга багытталган суроолор жана иш-чаралар жана КР Акыйкатчысы институту менен жарандык коомдун өз ара аракеттеринин формалары талкууланды.

Жасалган иштердин жана талкуулардын жыйынтыгында 2018-2019- ж.ж.  Акыйкатчы аппаратынын жана Адам укуктары боюнча Дания институтунун кызматташтыгынын негизги багыттары иштелип чыкты.

Координациялык жолугушуу "Радуга" эс алуу борборунда (Ысык-Кол областы, Сары-Ой айылы) Европа Биримдигинин демилгеси жана каржылык колдоосу менен өттү.