Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси менен Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду

18/02/2022 - 16:48

2022-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратында Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков менен БУУӨПтун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Аппарат жетекчиси БУУӨП өкүлдөрүнө туруктуу техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул колдоонун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун потенциалы чыңдалууда.

Жолугушууда бизнес жана адам укуктары боюнча маселелер талкууланды. Тактап айтканда, тараптар жеке бизнес чөйрөсүндөгү эмгек укуктарынын сакталышы, жумушчулардын жана иш берүүчүлөрдүн, бизнестин жана башка адамдардын укуктары бузулушу мүмкүн болгон ишкердик ишмердүүлүктүн (кардарлардын керектөөчүлөр, белгилүү бир аймактын жашоочулары) укуктарына карата тең салмактуулукту камсыз кылуу максатында БУУнун жетектөөчү принциптерине ылайык Улуттук бизнес жана адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу зарылчылыгы жөнүндө сүйлөшүштү.

 Бизнес жана адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын кабыл алуунун актуалдуулугу жарандардын эмгек укуктары, коопсуз чөйрөгө болгон укуктары, тең укуктуулук, басмырлоого жол бербөө жана башка укуктар көп бузулуп жаткандыгы менен шартталган. Улуттук иш-аракеттер планынын кабыл алынышы жана анын БУУнун жетектөөчү принциптерине шайкеш келиши, албетте, өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги беделин көтөрүүгө жардам берет.

Жолугушууга БУУӨП тараптан Мыйзам үстөмдүгү боюнча башкы техникалык кеңешчи Симоне Бонетчи, демократияны жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө боюнча улук кеңешчи Жеңишбек Арзыматов, юридикалык эксперт Данияр Шаилдаев катышты.