Акыйкатчы аппаратынын өкүлү Алмазбек Атамбаевге жолукту

21/03/2020 - 16:53

Үстүбүздөгү жылдын 20-февраль күнү КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкери УКМК ТИЗОсунда мурдагы президент А.Атамбаев менен жолугушту. 

Ал кармоо шарттарына эч кандай дооматы жоктугун маалымдады. Өз ден соолугу тууралуу :”Акыркы учурларда артериалдык кан басымым төмөндөп, медиктердин кызматына көбүрөөк кайрылуудамын”,-деп билдирди.

Маектешүү учурунда башка да маселелер көтөрүлдү. Ал маселелер боюнча Акыйкатчы аппараты тарабынан тийиштүү иштер жүргүзүлөт.