Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Ысык-Көлдөгү убактылуу кармоочу жайды текшеришти
Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери атайын чакырылган эксперттер менен бирдикте Ысык-Көл облусунун убактылуу кармоочу жайларын текшеришти. Текшерүүнүн алкагында убактылуу кармоочу жайда отургандар алардын укуктары сакталган/сакталбаганы, аларга карата укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноолор, күч колдонуулар болгон/болбогону тууралуу суралышты.
Убактылуу кармоочу жайда жаткан 26 кишинин жетөөсү кыйноолорго туш болгонун жашыруун билдиришти. Алардын арасынан А.А. аттуу жаран кылмыш ишти мойнуна алдыруу үчүн милиция кызматкерлери күч колдонгону боюнча Акыйкатчы аппаратына арыз жазды.
Мындан тышкары, мониторинг учурунда отургандардын жеке иш кагаздары текшерилип, убактылуу кармоочу жайга кирердин алдында денесинде жаракаты боюнча (барбы/жокпу) тийиштүү медициналык каттоо кагаздары жоктугу боюнча акт түзүлдү. Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын ИИБ жетекчилигине ушундай тартип бузулган учурларда керектүү болгон сунуштамалар берилди.