Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери кодекстер боюнча семинарга катышышты

29/03/2019 - 11:23

2019-жылдын 29-мартында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын Борбордук Аппаратынын жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү үчүн соттук-укуктук реформанын маселелери боюнча семинарга катышышты.  Бул семинардын уюштуруучулары катары КР Акыйкатчы Аппаратынын укук коргоо органдары тарабынан жана эркинен ажыратуу жайларында адам укуктарынын сакталышы бөлүмү жана «Сорос – Кыргызстан» фонду (Укуктук программалар директору Нуриана Картаңбаева) болушту. 

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Акыйкатчы Т.Мамытов өзүнүн атынан жана КР Акыйкатчы институтунун атынан мындай маанилүү маселе боюнча семинар уюштурганы жана активдүү катышуусу үчүн «Сорос – Кыргызстан» фондуна жана эксперттерге ыраазычылыгын билдирди. .

Бул тренингдин жүрүшүндө КР Жазык кодексинин, Жоруктар жөнүндө кодексинде, Бузуулар жөнүндө кодексинде, Жазык-процесстик кодексинде, Жазык-аткаруу кодексинде, Административдик-процесстик кодексиндеги, "Кыргыз Республикасындагы администрациялык ишмердик жана администрациялык жол-жоболор" жөнүндө мыйзамындагы, "Пробация жөнүндө"Мыйзамындагы новеллалар («новелла» (укук) – мыйзамдардагы кодификацияланган  жаңы нерселер) кеңири талкууга алындыСоттук-укуктук реформа боюнча  кеңештин мүчөсү, профессор ю.и.д. Лейла Сыдыкова, профессор ю.и.д.Кынатбек Сманалиев, администрациялык мыйзамдар боюнча эксперт, адвокат Улан Сатаров жана пенитенциардык тутум боюнча эксперт Азамат Асаналиев чыгып сүйлөштү.  

Мындан сырткары, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринин иштөө принциптери көрсөтүлдү (эксперттик-жумушчу топтун мүчөсү Т.Ашуралиева). Ошондой эле, КР Президентинин алдындагы соттук-укуктук реформа боюнча кеңештин мүчөсү, БУУӨП консультанты Гүлмира Маматкеримова  соттук-укуктук реформанын социалдык жана жалпы саясий контекстин тууралуу чыгып сүйлөдү.