Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери кезектеги мониторингди Бишкек ш. ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына жүргүзүштү
Келип чыккан маалыматтарга байланыштуу, кечээ 18-декабрда, Акыйкатчы аппаратынын мониторинг жүргүзүү боюнча көз карандысыз тобу жана «Голос свободы» укук коргоо фондунун эксперттери Бишкек шаарындагы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында болушту.
Маалымат булактарында берилген маалыматтарга таянсак, шаардык убактылуу кармоочу жайда кармалгандар үчүн абдан начар шарттар түзүлгөн, тактап айтканда бул жайда жылуулук жок, абдан суук. Мониторинг жүргүзүү учурунда изолятордо кармалгандар дагы камералар абдан суук экендигин, ар дайым шамал уруп, ным болуп турарын эксперттерге айтып беришкен. Эксперттер камераларды кыдырганда камераларда абанын орточо температурасы 19-20 °C, ал эми абанын нымдуулугу орточо 65% болгон , ошондой эле айрым камералардын дубалдары менен шыбынан тамган тамчылардан улам күрөң тактар пайда болгон. Камактагылар жылуу жууркандардын да жетишпегендигин, терезелерден муздак аба кире тургандыгын дагы белгилешти. Камактагылардын көбү жылуу тыш кийимчен жана топуларды кийип отурушат.
Муну менен катар эле изолятордо кармалгандардын арасында 10 күндөн ашык убакыт отургандар да бар. Мындай учурларда көпчүлүгү алардын документтери (паспорт, форма №1, соттолбогондугу тууралуу маалымкат) жок болгондугу үчүн кармоого туура келерин, анткени тиешелүү документтери жок болгондуктан кармалгандарды тергөө изоляторуна кабыл алышпай тургандыктарын УКЖ кызматкерлери айтышты. Бул маселе боюнча Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан бир канча ирет прокуратура органдарына кайрылуулар жолдонуп, анда жогоруда белгиленгендей кармалгандарга карата мыйзамда каралган мөөнөт сакталбай, мыйзам бузулуп жаткандыгы көрсөтүлгөн эле. Кармоо мөөнөтүнүн сакталбашы боюнча мындан ары да иштер жүргүзүлөт.