Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери кайрымдуулук концертин колдоого алышты
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын ата-энелеринин "Үмүт шамы" коомдук бирикмеси 2021-жылдын 4-апрелинде Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында “Алтын канат” аталыштагы кайрымдуулук концертин өткөрөт. Кайрымдуулук иш чарасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу балдар менен бир катарда кыргыз эстрада жылдыздары катышать. Кайрымдуулук концертинен түшкөн каражат майыптуулугу бар балдардын керектөөсүнө жумшалмакчы.
КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери бул кайрымдуулук акциясын колдоого алышып, 15 билет сатып алышты. Ошондой эле концертке материалдык колдоо көрсөтүштү.
“Үмүт шамы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди. Уюштуруучулардын айтымдарында, кайрымдуулук концертин колдоп коюу жана билет сатып алуу өтүнүчү менен алар мамлекеттик органдарга кайрылышкан. Тилекке каршы, эң чоң штаты бар министрликтер 2-3 билетти араң алышкан.
Маалымат: Уюм 2013-жылы уюштурулган. Уюмдун негизги максаты: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жана алардын ата-энелеринин укуктарын жана таламын коргоо болуп саналат.