Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери Даниядагы кесиптештери менен тажрыйба алмашышты

08/05/2022 - 14:25

1-7-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери Дания Королдугуна барышып, Дания Омбудсменинин жана Адам укуктары боюнча Дания институтунун кызматкерлери менен мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишинде адам укуктарын коргоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун эл аралык стандарттарын илгерилетүү боюнча тажрыйба алмашышты.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жамаатынын алдында Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышынын маанилүүлүгүн жана баалуулугун жаңы деңгээлге көтөрүү милдети турат. Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер гана эмес, ар бир катардагы жаран адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлап, прогрессивдүү укуктук мамлекетти куруу боюнча өз милдеттерин аткарса, Кыргызстанда адам укуктарынын мааниси жана баалуулугу артат.

Улуттук укук коргоо институттарынын арасында жана эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын макамын күчөтүү жана таанытуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын стратегиялык максаты.

Адам укуктары боюнча Дания институтунун жетекчиси Луи Холк жана Даниянын Омбудсменинин орун басары Клаус Хеде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун тынымсыз кызматташуусуна даяр жана институционалдык өнүгүүсүнө, мандатынын бекемделүүсүнө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө тажрыйба алмашуудан тышкары адам укуктарынын бузулушу боюнча арыздарды жана кайрылууларды кабыл алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү, аларды кароо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын баалоо үчүн аналитикалык маалыматтарды даярдоо боюнча бир катар эки тараптуу макулдашуулар сүйлөшүлдү.

Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча дүйнөдөгү ар бир өлкөнүн эл аралык милдеттенмелери жөнүндө коомчулукка маалымдоодо жасалма интеллектти колдонуу боюнча Даниянын тажрыйбасы, Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык органдары тарабынан адам укуктарын коргоо боюнча улуттук жана эл аралык пландардын, сунуштардын аткарылышын мониторингдөө жана баалоо системасында колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын Омбудсмен институту тарабынан адаптацияланат.

Маалымат үчүн: Даниянын Омбудсмени жана Адам укуктары боюнча Дания институту Дания Королдугунда иштейт, бул жерде Омбудсмен 1955-жылдан бери мамлекеттик органдар тарабынан адам укуктарынын бузулушу боюнча даттанууларды караган парламенттик орган болуп саналат. Өз кезегинде Адам укуктары боюнча Дания институту Данияда жана эл аралык деңгээлде адам укуктарын илгерилетүүгө жана коргоо боюнча функцияларды аткарат. Даниянын Омбудсменинин да, Адам укуктары боюнча Дания институтунун да ишмердүүлүгү мамлекет тарабынан каржыланат.

Кыргыз Республикасы менен Дания Королдугунун Адам укуктары боюнча улуттук органдарынын (Омбудсмендери) ортосундагы кызматташуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү, 2-баскыч” долбоорунун алкагында ишке ашырылат.