Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек ш. ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүштү
2020-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын кызматкерлери жана эксперттери Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында адам укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда белгилүү болгондой, убактылуу кармоочу жайда 55 киши болгон, алардын 51не камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандап алуу жана Бишкектеги №1 тергөө абагында кармоо жөнүндө соттун ми чыккан. Бирок, УКЖ жетекчилиги билдиргендей, , өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден бери кармалган адамдарды тергөө изоляторуна өткөрүп берүү иш жүзүндө мүмкүн болгон жок.
Бишкек ш. ШИИБ жетекчилиги бир нече жолу Бишкек шаарынын прокуратурасына, жазык-аткаруу тутумунда мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча прокуратурасына, ошондой эле Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси М.Тургунбаевге тергөө менен камакка алынган адамдарды шаардын №1 тергөө изоляторуна өткөрүп берүү маселесин чечүү суранычы менен бир нече жолу кайрылган. Буга, №1 тергөө изоляторунун администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Төрагасынын “Пенитенциардык мекемелерде өзгөчө шарттарды киргизүү жөнүндө” №207 буйругунун негизинде, 01.04.2020-ж баштап, кылмышка шектүү жана күнөөлүү деп кармалган адамдарды киргизүүгө чектөө киргизилгендиги тууралуу маалымдады.
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты дагы бир нече жолу ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайлары тергөөдө турган адамдарды убактылуу кармоо үчүн гана ылайыкталганын жана тергөө изоляторлорунун функцияларын алмаштыра албастыгын баса белгилеген. Убактылуу кармоочу жайда кармалгандардын узак мөөнөткө камалышы эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып жарандардын коопсуздукка болгон конституциялык укуктарынын принциптерин, ошондой эле Жазык-процесстик кодексинин нормасын бузат, ага ылайык “тергөөчү судьянын баш коргоо чарасын колдонуу же андан баш тартуу жөнүндө чечим жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет; жана тез арада аткарылууга тийиш”.
Жогорудагы факты боюнча, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын өкүлдөрү тарабынан тийиштүү Акт түзүлүп, юридикалык баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кат жөнөтүлдү.