Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери 7-класстын окуучулары үчүн “Мораль жана адеп-ахлак” темасында викторинаны даярдап өткөрүүгө катышышты

22/05/2019 - 15:42

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери  Бишкек шаарындагы №13 мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучулары үчүн “Мораль жана адеп-ахлак”  темасындагы викторинаны даярдап өткөрүүгө катышты. Иш чара БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун  колдоосунда ишке ашырылган.

Мектеп директору Юлия Красницкая белгилегендей,  бул викторина  мектептеги “Адам жана коом” кружогунун алкактарында балдарды жооптуу, аң сезимдүү турмушка жана укуктук жана демократиялык коомдогу ишмердикке даярдоо максатында өткөрүлгөн.

Бул талап баштапкы этапта  өзгөчө мааниге ээ болот, анткени анда мектеп окуучуларынын  негизги укук жана милдеттерин  менен таанышууга жана аларды мыйзам алкактарында жүзөгө ашыруусуна мүмкүнчүлүгүнө шарт түзүлөт,-деп белгиледи Юлия Красницкая.

Акыйкатчы аппаратынын  Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүнү кызматкерлеринин пикиринде, терең укуктук билимге ээ болбой туруп, балдардын рынок экономикасына жана саясий турмушка жигердүү аралашуусу мүмкүн эмес.

  • Бүгүнкү күндө биз белгилеп коюучу  факт, соңку жылдарда Кыргызстанда  укуктун коомдогу ролун жана ордун баалоодо кыйла өзгөрүүлөр болду. Адам укуктарынын, жарандын укуктарынын жана анын ичинде балдар укуктарынын  сакталышын  эң жогорку баалуулук катары гана  кабыл алынбастан, Кыргызстандын коомдук, социалдык жана саясий турмушунун бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын чыр-чатаксыз ишке ашыруу механизми катары да кабылданат.