Акыйкатчы Аппаратынын кызматкери КРнын ички иштер министрлигине караштуу Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун курсанттары менен жолугушту

30/09/2018 - 15:48

2018-жылдын 27-август күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине караштуу, милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун курсанттарына Акыйкатчы Аппаратынын жарандык-саясий укуктарды, мигранттардын, чет элдик жарандардын жана аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак уулу Замирбек  Кыргыз Республикасында адам жарандардын укуктарын, эркиндиктеринин сакталышынын абалы, адамдын эркиндиги жана укугун сыйлоо аны бузууга жол бербөө, кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин же жазанын түрлөрүн алдын-алуу боюнча лекция окуду. Ошондой эле КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Айта кетсек, лекция өтүп берүү өтүнүч каты менен аталган окуу борбордун башчысынын орун басары, милициянын полковниги К. Кадыркулов кайрылган.

Республикалык окуу борбордун курсанттары келечектеги ички иштер министрлигинин (милиция) кызматкерлери болгондуктан, укук коргоо органдары тарабынан жарандардын, адамдардын укуктарын сакталышына, эркиндиктеринин сыйлашына өзгөчө көңүл буруу зарыл экендиги айтылды.

Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза Кодексинин талаптарына ылайык, кыйноо, адамгерчиликсиз мамиле жасоо же кадыр-баркты басмырлаган аракеттер жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралгандыгы боюнча жеткиликтүү маалымат берилди.

Курсанттар Акыйкатчы арыздарды, даттанууларды качан гана мамлекеттик органдагы кызматкер тарабынан жарандын, адамдын укугу бузулганда гана кабыл алаарын кулактар болушту. Белгилей кетсек, арыз-даттануулардагы укук бузуулар белгилүү болгон күндөн тартып бир жылдык мөөнөттөн ашпоосу керек, өзгөчө жагдайлар болгон учурда гана Акыйкатчы тарабынан бул мөөнөт эки жылга узартылышы мүмкүн.

Жолугушуунун экинчи бөлүгү суроо-жооп таризде өтүп, курсанттар берилген суроолору боюнча маалымат ала алышты.

Жыйынтыгында аталган Ж.Ш. Шабиров атындагы окуу борбор менен Акыйкатчы аппараты тарабынан мындай лекциялар туруктуу өткөрүлүп турушу керектиги айтылып,  макулдашылды.