Акыйкатчы аппаратынын кайрылуусунун негизинде тергөөчүгө сөгүш жарыяланды

02/07/2018 - 11:06

Акыйкатчы аппараты Нарын облустук ички иштер башкармалыгына жиберген кайрылуунун  негизинде аталган башкармалык Ат-Башы РИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү Н. Туратбековго карата “Сөгүш” тартиптик жазасын жарыялады. 

Айтып өтсөк, Акыйкатчы аппаратына Ат-Башы районунун жашоочусу Ж.Н. арыз келип түшкөн. Арызда анын иши боюнча күбөлөр турса да Ат-Башы райондук ИИБ тергөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Н. Туратбеков бир беткей карап, айткан далилдерди укпай “жакында соттолосуң!”-деп коркутууга алып жатканы айтылып, чара көрүүнү суранган.

Аталган арыз боюнча Акыйкатчы институту тарабынан тиешелүү кат жөнөтүлүп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИИКнын Нарын облусу боюнча ички иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анда Ат-Башы РИИБнүн тергөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Н. Туратбеков кызматтык жүрүм-турумга, жарандарга карата сылык-сыпаа мамиле кылуу талаптарын сактабай, Кыргыз Республикасынын ИИМнин “КРнын ИИОнын кызматкерлеринин кесиптик этикасы кодекси жөнүндөгү” №164 буйругунун 5-беренесинин жана 8-беренесинин талаптарын бузуп, Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургуну Ж.Н. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын наамына арыз менен кайрылуусуна алып келип жана бул окуянын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып кетишине жол бергендиги аныкталып, сөгүш жарыяланган.