Акыйкатчы аппаратынын инспектору Кыргыз Республикасынын Ардак громатасы менен сыйланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Матвеева Любовь Павловна «Кыргыз Республикасынын Ардак громатасы» менен сыйланды. Учурда Матвеева Любовь Акыйкатчы аппаратында Сот органдары менен иштөө жана сот процесстерин мониторинг кылуу бөлүмүндө инспектор болуп эмгектенет. Акыйкатчы аппаратынын жамааты Любовь Павловнага алган сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт жана мындан аркы иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайт.
Маалымат үчүн:
1980-жылы туулган, орус, юридикалык жогорку билими бар, мамлекеттик кызматтагы 3 –класстагы инспектору чини бар.
Л. Матвеева өзүнүн ишмердүүлүгүн 01.11. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын Сот өндүрүшүндө жана жазык аткаруу мекемелеринде жарандардын укугун коргоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп баштаган.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) аппаратында Жазык аткаруу мекемелеринде жана сотко чейинки камактагы жарандардын укугун коргоо бөлүмүнө башкы адис кызматына кабыл алынган.
18.07.2018-жылы Сот органдары менен иштөө жана сот процесстерин мониторинг кылуу бөлүмүнө инспектор болуп дайындалган.
Ал иштеген жылдар аралыгында ишмердүүлүгүндөгү жакшы көрсөткүчтөрү үчүн Л.Матвеева кызматынан өйдөлөп, класстык чин берилген.
Акыйкатчы (Омбудсмен) институтундагы ишмердүүлүгүндө Л. Матвеева өзүн жакшы жагынан көрсөтө алды, бардык тапшырмаларга жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Арыздарды абдан дыкаттык менен карайт.
Жумушта уюштуруу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп келет, дисциплинага бекем.
Л.Матвеева өзүнүн профессионалдык жөндөмдүүлүгүн арттырып тургандыктан, жарандардын укугун коргоодо туура чечим кабыл алганды билет. Ишине тырышчаактык менен мамиле кылгандан тышкары, адамдар менен тил табышканды билет. Юридикалык тажрыйбасы кенен, кызматтык жаза алган эмес, кесиптештер арасында сыйга ээ. Өздүк делосунда арыз ээлери тарабынан берилген беш ыраазычылык каты бар.
Л.Матвееваны соттук иште жарандардын укугун коргоо жаатындагы маселеде демилгечил, жоопкерчиликтүү, аткаруучулук жөндөмү жогору, компетенттүү кызматкер деп баа берсек болот. Ал өзүнун алдына коюлган тапшырманы берилүү менен аткарат.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтундагы ишмердүүлүгүндө Л. Матвеенын катышуусунда «Соттук акыйкаттыкка жетүү жана анын негизги көйгөйлөрү» аттуу атайын баяндама даярдалган.
Ал иштеген жылдар аралыгында ишмердүүлүгүндөгү жакшы көрсөткүчтөрү үчүн Л.Матвеева кызматынан өйдөлөп, класстык чин берилген.
05.12.2012-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын Юбилейлик медалы менен сыйланган.