Акыйкатчы аппаратынын бөлүм башчысы “Кыргыз биримдиги: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу форумга катышты

01/10/2019 - 10:43

2019-жылдын 27-сентябрында Москва шаарында өткөн «Кыргыз Биримдиги» кечээ, бүгүн, эртең» аттуу аймактар аралык  форумуна Акыйкатчы аппаратынын Жарандык–саясий  укуктарды, мигранттардын, чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча бөлүм башчысы Өмүрзак уулу Замир катышып келди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин колдоосу менен, “Кыргыз биримдиги-Кыргызское единение” (“КБ-КЕ”) аймактар аралык коомдук уюмдун уюштурулганына 17 жыл толушуна карата, аталган уюмдун демилгеси менен ишке ашты.

Форумдун жүрүшүндө Акыйкатчынын өкүлү «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) эмгек мигранттарынын укугун коргоо боюнча ар тараптуу ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасады. Ошондой эле «КБ-КЕ» төрагасы Т.Кубатбековго Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак Грамотасын тапшырды.

 “КБ-КЕ” уюму У.Кошматов жана Б. Искендеровду Акыйкатчынын борбордук федералдык аймагына коомдук башталыштагы өкүлү кылып дайындоо суранычы менен кайрылды. Учурда аты аталган жарандарды КР Акыйкатчысы тарабынан Москва ш. жана Москва облусу боюнча коомдук башталышта жардамчы кызматына дайындоо тууралуу тийиштүү буйрукка колу койду.  

Маалымат үчүн:  Аймактар ​​аралык коомдук уюм "Кыргыз биримдиги – Кыргызское единение"- пайдалуу жана маанилүү көп иштерди жасаган, Россиядагы кыргызстандыктардын алгачкы жана ири бирикмелеринин бири. Ал иштин бири -Москва бийлиги тарабынан колдоого алынган азыркы өткөрүлгөн форум болду. Форумдун катышуучулары бир гана эмгек мигранттары болбостон, илим, билим, өнөр-жай, айыл-чарба, маданият жана көркөм өнөр тармагындагы адамдар жана россиялык кесиптештер, Москвада жашаган башка диаспоранын өкүлдөрү да болушту.

Россия Федерациясынын Коомдук палатасында (КП) өткөн форумга “Российский фонд мира” эл аралык фондунун башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары, РФ КП мүчөсү Елена Сутормина жана  “КБ-КЕ” ААБ башкармалыгынын төрагасы, биология илимдеринин доктору, К.А. Тимирязев атындагы Россия мамлекеттик агрардык университеттин профессору Турсумбай Кубатбеков модераторлук кылып сөз сүйлөштү.

Форумду ачып жатып, КРнын РФдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов анын катышуучуларын диаспораларды мындан ары дагы башын бириктирүү керек экенин, кыргыз-орус мамилелеринин көп кырдуу өнүгүшүнө диоспораларды дагы көбүрөөк тартуу зарылдыгын айтты.

Форумдун жүрүшүндө “КБ-КЕ” активисттерине Кыргызстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун жана уюмдун өзүнүн атынан ардак громаталар жана медалдар тапшырылды.  Чогулгандарга кыргыз сахнасынын өнөрпоздору таланттарын тартуулашты. 

Форумдун резолюциясында «Кыргыз биримдиги – Кыргызское единение»  ААКУнун РФ Президентинин «2025-жылга чейинки мезгилде Россия Федерациясынын мамлекеттик улуттук саясатынын стратегиялары жөнүндө» Указын ишке ашырууга активдүү катышуу зарылчылыгы жана Россиянын көп улутту калкынын жарандык өзүн өзү таануусун жана руханий коомдоштугун, элдердин көп түрдүүлүгүнүн этномаданий жактан сакталуусун жана өнүгүшүн, мекендештердин иштиктүү чөйрөсүн жана социалдык өнүгүүсүн, кыргыз диаспорасынын биримдигин бекемдөө белгиленди.