Акыйкатчы Аппаратынын «115 шыр байланыш» кызматына келген ар бир чалуу кылдат текшерилет жана эгер фактылар тастыкталса, ал кароого алынат
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын «115 шыр байланыш» кызматы Ленин районунун тергөө кызматынын кызматкерлерине карата мурда алынган маалымат боюнча текшерип жатат. Келип түшкөн билдирүүдө адвокат Дүйшөналиевге анын кесиптеши Марат Сейдилдаев иниси Эстебесов Тилек Турсунбекович Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын №7 кабинетте Майнаев аттуу тергөөчү мыйзамсыз кармаганын айтып кайрылган. Ал иниси эмне себептен кармалганын билбейт, тергөөчүлөр камакка алуу ордерин көрсөтүшкөн эмес.
Маселени жеринде чечүү үчүн “115-шыр байланыш” кызматынын оператору бул маалыматты текшерүү өтүнүчү менен Акыйкатчы аппараттын Укук коргоо ж.б.органдары тарабынан эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында адам укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо бөлүмүнө оозеки кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын кызматкерлери ыкчам жооп берүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин ТК башчысы У.Эрматов менен байланышканда, ал Эстебесов Т.Т. жана башка адамдар ИИБда жүрүшкөнүн, учурда бардык жагдайлар такталып жатканын айткан.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин ТК башчысы Эстебесов Т.Т.нын кызыкчылыгын коргогон адвокаты бар экенин маалымдаган.
Тергөө органдарынын маалыматы кармалган адамдын адвокатына өткөрүлүп берилди. Адвокат Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омубдмен) аппаратына расмий арыз жазмай болду.
Бул маселе Акыйкатчы институтунун көзөмөлүндө.