Акыйкатчы аппараты Сокулук РИИБ убактылуу кармоочу жайында жарандардын мөөнөтүнөн ашуун кармалганына күнөөлүүлөргө чара көрүү керек деп эсептейт

06/09/2019 - 10:39

2019-жылдын 20-августунда  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жабык мекемеде адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн Сокулук районунун ИИБ убактылуу кармоочу жайларына  күтүүсүз текшерүүгө барышкан.

Текшерүү учурунда УКЖда кармалгандардын өздүк иштери окулуп, андагы табылган кемчиликтер боюнча тийиштүү акт түзүлгөн.

Текшерүү учурунда 2001-жылы туулган У у А аттуу жаран убактылуу кармоочу жайда узак убакыт кармалып жаткан фактысы катталды.

Сокулук районунун сотунун 2019-жылдын 23-июлунда чыккан токтомуна ылайык, У у А. Бишкек ш.  №1 ТИЗОсунда кармалышы керек болчу. Бир айдан ашуун убакыт өтсө да,  соттун чечими аткарылган эмес.

Ал эми 1996-жылы туулган А уулу М өздүк ишинде  камакка алуу боюнча баш коргоо чарасын узартуу жөнүндө соттун токтому жок болуп чыкты.

Баш коргоо чарасынын мөөнөтү 2019-жылдын 3-июнунда эле бүткөн (04.04.2019. Сокулук райондук сотунун токтомуна ылайык).

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тарабынан  жогоруда баяндалган кемчиликтерди кетирген тийиштүү кызматкерлерге карата тартиптик же административдик өндүрүштөгү чараларды көрүүсүн сунуштап, Сокулук районунун прокурору Б. Э. Сыргаковдун наамына Көңүл буруу актысы жөнөтүлдү.