Акыйкатчы Аппараты Ново-Павловка айылындагы №1 ч.Айтматов атындагы лицейдеги абалды өз көзөмөлдүгүнө алды

30/04/2019 - 11:24

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) дарегине  Сокулук районунун Новопавловка айылынын Чынгыз Айтматов атындагы №1-лицей-мектебинде окуган окуучулардын ата-энелери  жамааттык арыз менен кайрылышкан.Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) дарегине  Сокулук районунун Новопавловка айылынын Чынгыз Айтматов атындагы №1 лицей-мектебинде окуган окуучулардын ата-энелери  жамааттык арыз менен кайрылышкан.

Арызда №1 лицей-мектебинин директору Д. Абдуллаеванын  ишмердүүлүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча  20 жылдан бери каршы күрөшүүгө аракеттенип келе жатышканын, бирок аны калкалаган чоң адамдар болгондуктан, натыйжа чыкпай жатканын билдиришкен. Класстык бөлмөлөр жетишпегендиктен окуучулар үч сменада  окушат. Бирок мектеп жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз түрдө мектеп имаратынын бир канаты бала бакчага берилип, экинчи канаты жатакана катары колдонулат. Бала бакчага балдарды киргизүү үчүн 5000 сомдон акча талап кылганын маалымдашты.

Мындан тышкары мектепте окуган 4500 окуучунун  ар биринен ай сайын 500 сомдон төлөөгө мажбурлайт. Жыйынтыгында, айына  2 250 000 сом, тогуз айда 20 250 000 сом каражаты чогултулуп,  белгисиз жактарга жумшалат.  Ата-энелердин билдирүүсү боюнча бул акча окуу жайдын директору Д. Абдуллаева жана анын орун басарлары тарабынан  өз кызыкчылыгында колдонулат жана максатсыз сарпталат.

Жогорудагы арызда көрсөтүлгөн дооматтар боюнча КР Акыйкатчы аппараты тарабынан  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына  жана КР Билим берүү жана илим министрлигине кайрылган.

Белгилүү болгондой, учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Сокулук райондук прокуратурасы менен биргеликте бул арыз боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.