Акыйкатчы аппараты камактагы А.К. жаза мөөнөтүн өтөө тартибин өзгөртүүгө жардам берди

16/08/2019 - 12:13

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына Бельгия жараны  Антонина Городушкина кайрылып, учурда КРӨ караштуу ЖАМК ТК-2 (Степное а.) жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кызы А.К.нын конституциялык укугун, өмүрүн жана коопсуздугун коргоого жардам берүүнү өтүнгөн.

Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери арызды кароо учурунда КРӨ караштуу ЖАМК №2 мекемесине А.К. менен сүйлөшүү үчүн барышкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал жаза мөөнөтүн өтөөнү жатак абагына алмаштырууга жардам сураган.

2019-жылдын 5-июлунда А.К.га барган учурда, КРӨ караштуу ЖАМК  №2 мекемесиинин Административдик комиссиясынын отуруму болуп, анда А.К.га байланыштуу түзөтүү мекемесинин түрүн алмаштыруу боюнча маселе каралган. Мындан соң, КРӨ караштуу ЖАМК №2 мекемесиинин Административдик комиссиясы тарабынан жаза мөөнөтүн өтөө тартиби өзгөртүү жөнүндө маселе канааттандырылып, көрсөтмө жолдонгон.

Ошондой эле КРӨ караштуу ЖАМК Атайын комиссиясынын төрагасы Т.Нуралиевге түзөтүү мекемесинин түрүн алмаштырууну канааттандыруу тууралуу мүмкүнчүлүктөрдү кароо өтүнүчү менен кайрылуу жолдонгон, анткени А.К.нын жашы жете элек 2001, 2012 жана 2015 жылы төрөлгөн үч баласы бар, ошндой эле ал жалгыз багуучу болуп эсептелет.

Т.Нуралиевдин колу коюлган жоопто «жакынкы убактарда соттолуучу А.К.нын жаза өтөө мөөнөтүн жатак абагына которуу боюнча маселени кароо үчүн ЖАМК Атайын комиссия тарабынан Степное айылындагы №2  мекемеге бараары, чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык объективдүү түрдө болору» белгиленген.

2019-жылдын 7-августунда КРӨ караштуу ЖАМК Атайын комиссиясы №2  мекеменин Административдик комиссиясынын А.К. тиешелүү сунушун кароо менен аны канааттандырды жана жаза мөөнөтү өтөө тартибин Чүй облусундагы №26 (Молдовановка а.) жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөөгө алмаштырды.