Акыйкатчы аппараты: «Бардык бейтаптар, анын ичинде психикалык жактан жабыркагандар дагы жогорку сапаттагы медициналык жардам алууга укуктуу»

19/09/2019 - 17:03

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына А.А. аттуу жарандын туугандары кайрылып, учурда  ал Кызыл-Жардагы республикалык  психатриялык ооруканада мажбурлап татаал режимде дарыланып жатат. Атап айтканда, арызда А.А. ушуну менен алтынчы жолу соттук-психиатриялык экспертизадан өтүү дайындалган,  бирок алты жолу тең эксперттер акыл эси жайында эмес бейтап деген жыйынтык чыгарып келишкенин маалымдашат. Ошого карабастан, Бишкек ш. Ленин райондук соту А.А. кайрадан ушул эле экспертизадан өтүп келүүгө жөнөткөн.

Мындан тышкары, бул арызда айтылгандай, Кызыл-Жар РПО администрациясы ага карата кармоо/дарылоо режимин өзгөртүү (татаал режимден күчөтүлгөн режимге которуу боюнча)    бир канча жолу сот органдарына көңүл-буруу актыларын жөнөткөн, бирок соттор төрт жылдан бери бул өтүнүчтү канааттандырбай келишет.

Арыздануучулар белгилегендей, комиссиянын эксперттери А.А. оорусу айыккыс деген чечим чыгарып, ошол эле убакта убакыттын өтүшү менен анын абалы жакшырышын да четке кагышкан эмес.  Ошол эле эксперттердин пикиринде, анын айыгышына мүмкүндүк (шанс) жок, а татаал тартипте мажбурлап дарылоо анын ден-соолугун  огобетер начарлатат. Себеби, Кызыл-Жар РПО психиатриялык  жардамдан тышкары, сапаттуу медициналык жардам менен камсыз кылуу мүмкүн эмес.

КР Акыйкатчысы бул ишти карап чыгып, бул маселеге тийиштиги бар бардык мамлекеттик органдарга, эл аралык стандарттарга ылайык, мамлекет адамдын эркиндигин чектөө менен бирге, анын ден-соолугун көзөмөлдөөгө жана КР Конституциянын 47 беренесинде көрсөтүлгөндөй, сапаттуу медициналык жардам алуу үчүн шарт түзүп берүүгө милдеттенмесин кошо алганын эскертет.

Буга байланыштуу, Акыйкатчы аппараты биринчи кезекте КР Саламаттыкты сактоо министрлигинен, ошондой эле буга тийиштүү башка мамлекеттик  органдардан бардык психикалык жактан жабыркаган бейтаптарга анын ичинин КР Акыйкатчы аппаратына туугандары кайрылган А.А. аттуу жаранга тез арада квалификациялуу медициналык жардамды (соматикалык жана башка оорулар боюнча) жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну көптөн-көп өтүнөт.