Акыйкатчы АКШнын Дин тутуу эркиндиги боюнча комиссиясынын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы диний кырдаалды талкуулады

23/06/2025 - 16:47

АКШнын Дин кармануу эркиндиги (USCIRF) боюнча комиссиясынын өкүлдөрү КРнын Акыйкатчы (Омбудсмени) Институтунун кеңсесине келди. 

Комиссиянын төрайымы Вики Хартцлер жана анын орун басары Асиф Махмуд КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева менен жолугушту. 

Жолугушууда дин эркиндигин сактоо маселелери жана 2025-жылдын 1-февралында күчүнө кирген дин жөнүндөгү жаңы мыйзамдын ишке ашырылышы тууралуу талкууланды. 

Ошондой эле тараптар диний чыдамкайлыкты илгерилетүү жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү жаатында кызматташууга сунуштар айтылды. 

Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги, мыйзам алдында бардыгынын тең укуктуулугу жана жарандардын ишенимине карата дискриминацияга жол бербөө адам укуктары жаатындагы мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.

“Кыргызстанда диний жана конфессиялар аралык чыдамкайлык өкүм сүрүп, чыңалуу байкалбайт”, — деди Акыйкатчы.

Ал ошондой эле 2024-жылдан бери институтка дин тутууга байланыштуу бир нече кайрылуулар түшкөнүн билдирди. Мисал катары айта кетсек, тергөө абагындагы  отурган аял диний жөрөлгөлөрдү аткарууга шарт жок болуп жатканын айтып кайрылган. Институттун кийлигишүүсүнөн кийин тергөө абагынын жетекчилиги жагдайга түшүнүү менен мамиле жасап, тиешелүү шарттар түзүлгөн.

Вики Хартцлер 2025-жылдын февралында күчүнө кирген “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам аз сандагы диний топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт болушу ыктымалдыгын айтып, тынчсыздануусун билдирди. 

“Жаңы мыйзам боюнча диний уюм катары катталуу үчүн 500дөн кем эмес мүчөсү болушу шарт. Андыктан алардын айрымдары Кыргызстанда өз иштерин уланта албай калышы мүмкүн”, — деди ал.

Вики Хартцлердин айтымында, Кыргызстандын айрым аймактарында жергиликтүү бийликтер диний уюмдардын кайра каттоодон өтүшүнө тоскоолдук жаратууда. Ал эми, мыйзамга ылайык, алар эки жылдын ичинде кайра каттоодон өтүшү абзел.

“Бирок сиз менен болгон жолугушуудан кийин менде диний азчылыктардын өкүлдөрү өз ишенимин эркин аткаруусуна шарт болот деген үмүт пайда болду”, — деди АКШнын Эл аралык дин тутуу эркиндиги боюнча комиссиясынын төрайымы.

Ал эми комиссиянын төрайымынын орун басары Асиф Махмуд диний билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнө көңүл бурууга чакырды. 
Анын айтымында, айрым медреселерде экстремисттик идеялар жайылып жаткан болушу мүмкүн жана бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат.

Жамиля Жаманбаева быйыл институт интернат тибиндеги диний билим берүү борборлоруна мониторинг жүргүзүү пландалып жатканын билдирди. 
Кыргызстанда 4363 диний уюм каттоодон өткөн. Алардын ичинен 3966сы ислам, 391и христиан, бир нечеси буддисттик, иудейлик жана бахаисттик уюмдар бар.