Акыйкатчы Ак-Жардын тургундарына барды

25/07/2022 - 12:46

Бишкек шаарынын четиндеги Ак Жар жаңы конушунун айрым жашоочулары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматовага кайрылышып, алардын арыз-даттанууларын жеринде угууну суранышкан.

Акыйкатчы кечээ, 26-июлда барып эл менен жолугушту. Жолугушууга Акыйкатчы тарабынан тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери да чакырылган.

Ак Жар тургундары жерлерине кызыл китеп ала элек. 2000 ашык түтүн жашайт. Андыктан, социалдык көйгөйлөрдү өз алдынча чечип туруу максатында “Адилет” коому түзүлүп, 15 жылдан бери иштеп келген. Бул коомго тургундардын айрымдары нааразы.

Арыздануучулар, “Адилет” коому жерди топографиялык сьемка кылыш үчүн жашоочулардан 2000 сомдон чогулткан. Бизден чогулткан акчаны алар ыксыз пайдаланышты. Бул боюнча жазган арыздарыбызга милиция, прокуратура көңүл бурбайт жатат. Бул коомдун азыр бизге кереги жок, жоюлсун- дешти.

Ал эми экинчи тарап, “Адилет” коому ушул убакка чейин аткарган иштерин, ал акчалар каякка жумшалганы боюнча маалымат беришти. Аларды колдогон тургундар да бар, алар да өз пикирин айтышты.

Тургундардан түшкөн суроо-талаптарга жеринде Аламүдүн РИИБ жетекчиси, район Прокурорунун жардамчысы, облустук, райондук администрация бөлүм башчылары, айыл өкмөтүнүн башчысы, Архитектура, Мамлекеттик каттоо кызматкерлеринин өкүлдөрү жооп беришти.

Эки жаат болуп бөлүнгөн элди Акыйкатчы ынтымакка чакырып, азыр Акжарлыктардын башкы маселеси жерлерине кызыл китеп алуу, үйлөрүн мыйзамдаштыруу экенин баса белгилеп, көтөрүлгөн көйгөйлөр көзөмөлдө болорун билдирди.