Акыйкатчы 7 жаштагы баланын иши боюнча тергөөдөн кылмышты оордотуучу жагдайларга көңүл бурууну талап кылды

24/04/2024 - 13:16

КРдин Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдарга карта зордук-зомбулукту болтурбоого чараларды көрүүгө чакырат.

Акыйкатчы Бишкек шаарындагы мектептердин биринде биринчи класстын окуучусу сабалган окуя - баланын укугун одоно бузуу экенин баса белгиледи. 

“Эч бир жагдайда чоң адамдар тарабынан балдарга карата зомбулук көрсөтүүсүнө жол берилбейт. Мамлекеттик органдар зордук - зомбулукка жол бербөө үчүн бардык чараларды тез арада кабыл алуусу зарыл”, - деди Жамиля Жаманбаева

Сабалган жети жашар баланын апасы, Акыйкатчы Институтуна кайрылып баласынын укугун коргоп берүүнү өтүндү. 
Ал баласын элдин көзүнчө сабаган жаран камакка алынбай эркиндикте жүргөнүнө нааразы болду. 

“Бул адамдын коомчулуктун арасында жүрүшү кооптуу деп эсептейм. Ал эртең башка баланы урбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Чоң адамдар өз иш аракеттери үчүн жооп берүүсү керек. Менин уулумду сабаганга анын укугу жок. Балага карата суроолор болсо, аны түшүндүрүүнүн көптөгөн жолдору бар. Балам анын баласы менен эч качан чырдашкан эмес. Биз мектеп менен тыгыз байланышта болуп турабыз. Уулум сабалгандан кийин көп нерседен коркуп калды. Денесинин ар кайсы жеринде көк-ала тактар бар жана учурдагы баламдын абалы мени кооптондурат. Күнөөкөр адам мыйзам чегинде жазалансын”, - деди нааразы болгон баланын апасы. 

Андан сырткары ал тергөөчүгө да арызданды. 

“Тергөөчү бошобой жатам деген жүйөө менен бизди үч сааттай күттүрдү. Ошондой эле мектеп тарабынан жазылган арызды албай койду”, - деп ыйлады аял. 
Акыйкатчы институту өз мандатына ылайык тийиштүү мамлекеттик органдарга баланын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу талабы менен расмий суроо-талап жөнөттү.
Ошондой эле, эне менен балага акысыз жактоочу жана психолог берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ыкчам чаралар көрүлдү.

Акыйкатчы тергөө органдарын айыпталуучунун аракеттерин квалификациялоодо жана кылмыш ишин сотко жөнөтүүдө КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесинин нормаларын унутпоого чакырат, ага ылайык балага карата жасалган кылмыш, ишти оордотуучу жагдай болуп саналат.