Акыйкатчы 1-сентябрь билим күнү менен куттуктайт

01/09/2022 - 11:31
  • Урматтуу окуучулар, студенттер, мугалимдер сиздерди жаңы окуу жылдын башталышы менен куттуктайм!

Бул күн окуу жылынын башталышын гана элестетпестен, билим, тарбия алуунун маанилүүлүгүн белгилеген, мекенибиздин татыктуу атуулдарын тарбиялаган биринчи кадам.

  • Урматтуу мугалимдер!

Мугалим коомдун дарыгери. Ал бизге сүйлөгөн сөзү, баскан- турганы, ички маданияты, мээримдүүлүгү, мээнеткечтиги, көрөгөчтүгү менен үлгү болчу инсан. Окуучу гана эмес жалпы коом мугалимге карап түздөнөт. Кээ бир учурда мугалим керек болсо кароосуз калган балдарга ата-эне да болгон.

Бирок беш кол тең эмес, акыркы Сузактагы мектептин мугалими окуучуну сабаган жана Кара-Суудагы дене-тарбия мугалими окуучунун бутун сындырган сыяктуу окуялар мектеп жана мугалим өзүнүн үлгүлүү жолунан, милдеттеринен четтеп кетиши ыктымалдыгын көрсөттү. Мугалимдин милдети- балдарды уруп-сабоо, кодулоо, кемсинтүү менен эмес, сапаттуу билимге жана бийик адамдык касиетке ээ болгон, эркин жана өз оюн так жана ачык айта алган жаңы муунду даярдоо, адискөй, акылман, мээримдүү мамиле менен менен окуучуларга жөлөк- тирек болуу. Ар бир баланын таланты, шыгы жана өнөрү жакшы тарбия жана мыкты билим бергенде гана ачылат.

Ошондуктан, педагог-тарбиячылар, ата-энелер биргелешип, жаңы муунду тарбиялоо жоопкерчилигин татыктуу жүзөгө ашырууга тийиш. Ата-эне менен мугалим баланы бири-бирине түртө салгандан майнап чыкпайт. Эки жак эриш-аркак болуп, Конституциябызда кепилденген - балдар элибиздин, мамлекетибиздин жогорку баалуулукту так түшүнүү кабыл алуу менен гана биз күчтүү, билимдүү муунду өстүрө алабыз.

Окуучуларга сапаттуу билим берүү үчүн мугалимдер өздөрү билимин тереңдетип, замандан артта калбай өсүшү керек, мугалимдин ички дүйнөсү бай, акылман, көрөгөч болсо окуучулар мугалимди карап ээрчийт, тартылат, түздөнөт. Биз балдарыбызды азыркы замандын чакырыктарын эске алуу менен, коопсуз, ыңгайлуу, жеткиликтүү шартта билим берип, өз укугун сыйлаган, милдетин аткарган коомду даярдашыбыз керек.

  • Урматтуу ата-энелер!

Балдардын келечеги үчүн мектептин чыныгы күйөрмандары, колдоочулары болуп, мугалимдер жамааты менен бир үй-бүлөдөй болууга үндөйм. Балдарыбыздын кең келечегин түптөш үчүн мугалимдердин социалдык, финансылык абалына карабастан, сый урматтоо менен тең мамиле кылуу ар бирибиздин милдет. Балдарыбыздын тең укуктуу, коопсуз, камкор чөйрөдө өсүшүнө шарт түзүү ар бирибиздин милдетибиз.

  • Урматтуу окуучулар, студенттер!

Өлкөбүздүн келечеги-силерсиңер. Силер канчалык билимдүү, маданияттуу, акылдуу, адептүү жана мекенчил болсоңор коомубуз да ошончолук тазарып, өлкөбүз өнүгө баштайт. Андыктан билим дүйнөсүнө сапарыңар байсалдуу, ачык болсун! Умтулуу, шыктануу, Мекенибизге сыймыктануу, элибизге ишенүү ар бириңердин жүрөгүңөрдө болсун!