Акчасын кайтарып алуу үчүн Акыйкатчыга кайрылган

15/01/2020 - 13:32

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменин) наамына Бишкек шаарынын  тургуну З. М.  арыз менен кайрылган. Ал арызында Сузак районунун Благовещенка айылынын тургуну О.А. 2017-жылы жер тилкесин алып берем-деп 180 000 сом акчасын алып, ушул убакка чейин алдап жүргөнүн жазып, акчасын өндүрүп берүүнү суранган.

Бул арыз боюнча Акыйкатчынын тийиштүү тапшырмасы Жалал-Абад облусунун өкүлчүлүгүнө берилген. 

Акыйкатчынын кызматкери арыз ээси менен бир нече жолу сүйлөшүп, тиешелүү укуктук кеӊештерди берген. Мындан тышкары, арызда көрсөтүлгөн дооматтарды жеринде иликтөө үчүн Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына суроо-талап жиберилген. Натыйжада жеринде териштирүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында З.М.  85 миң сом акча каражаты кайтарылып берилген.  А.О. акчанын калган бөлүгүн  да жакын арада  кайтарып берерин билдирген.