Акчаңды көбөйтүп беребиз деген шылуундарга алданган карылар үйүнөн аксакал келди

08/07/2019 - 12:44

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Токон Мамытовго Ысык-Ата районунун Серафимовка айылындагы карылар жана майыптар үйүнүн жашоочусу, 2 топтогу майып (көзү көрбөйт) К. Усупов келип арызданды.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын Разаков көчөсүнүн №32 үйүндө жайгашкан Fave Winds Asset Management эл аралык консалтинг компаниясына 144 000 сом акча каражатын берген. Ал компанияда иштейбиз деген Мелис Шабданов, аялы Моймол Шабданова, Алмаз Кушбаков, Асылбек Кадыров аттуу адамдар аталган компанияга акча каражатын киргизип, үстөк пайызын алып турасың деп алышкан. Бир канча убакыттан кийин компаниядан үстөк пайызын эмес өзү салган акчаны чыгара албай калган.

Бул боюнча ИИМ Биринчи май РИИБ тарабынан тергөөчү Данияр Кадыров иш козгогон. Бирок, ал учурда Кушбаков Алмаз аттуу алдаган фигуранттын бири издөөдө жүрөт деген шылтоо менен ишти чоюп, берки үчөөнөн жана күбө катары Ахунбаева Салиха (акчанын “өсүп” жатканын компьютердин жардамы менен көрсөткөн адам) менен өзүмдүн карындашымды (мен тиги төртөөнө акча берип жатканда жанымда болчу) беттештирип (очная ставка) сурабай жатат-деп билдирди К. Усупов.

К. Усупов буга чейин дагы арыз-кат менен кайрылган. Акыйкатчы институту ИИМге тийиштүү кат менен кайрылганда, ал жактан дагы “Алмаз аттуу адамдын өздүгүн аныктоо боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүүлүдө. Анын өздүгү аныкталган учурда, К. Усуповдун арызында жана жазык иш боюнча суралган адамдардын берген көрсөтмөсүнө ылайык суракка алынгандан кийин жана башка жагдайларга изилдөө жүргүзүлүгөндө гана толук укуктук баа берилет-деген жооп келген.

Эмне үчүн тергөөчү Д. Кадыров тергөө амалдарын чоюп жатат, эмне үчүн кызыктар тарап К. Усуповго издөөдө жүрөт делген Алмаздын чек-арадан чыгып кеткени же чыкпаганы боюнча маалымат берилген эмес, эмне үчүн башка фигуранттардан тийиштүү сурак жүргүзүлбөй, бири-бири менен беттештирилген эмес,аталган консалтинг компания Кыргызстанда легитимдүү иштейби, анын ишмердүүлүгү изилдендиби ж.б. тийиштүү жагдайларды аныктоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү боюнча Акыйкатчы институту Башкы Прокуратурага экинчи ирет кайрылуусун жөнөттү.