Адам укуктарынын бир айлыгынын жыйынтыгы менен сыйланышты

25/12/2019 - 14:16

Бүгүн, 2019-жылдын 25-декабрында КР Эмгек жана социалдык министрлигинин өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү КР Акыйкатчысынын Ардак громатасы менен сыйланышты.

Алар:

  • Дыйканбаева Сейнеп-КР Республикаксынын Билим берүү жана илим министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси жана “АРДИ” ассоциациянын программалык менеджери.
  • Муратов Сапарбек- “Талант сыры” коомдук бирикмесинин төрагасы.
  • Алыбаева Жаңыл- КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары.
  • Мамбетаипова Чолпон- КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы адиси.

Сыйлыкты ысымы аталган инсандар КР Акыйкатчысы Токон Мамытов тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 71 жылдыгына карата жарыяланган адам укуктары боюнча бир айлыкка активдүү катышкандыгы үчүн алышты.

Акыйкатчы аларга Ардак громатаны тапшырып жатып,  адам укуктары жана эркиндиктери үчүн ак эмгек кылып жаткандарын баса белгилеп, бул жаатта бирге кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Баарлашуу үстүндө адам укуктары анын ичинен өзгөчө ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жөнүндө кеңири кеп болуп, Акыйкатчы институтунда бул жаатта атайын ыйгарым укуктуу өкүл жана коомдук башталыштагы кеңешчи керектиги сунушталды. Токон Мамытов сунушту кабыл аларын жана колдорун айтты. Бул милдет Акыйкатчынын ички буйругу менен Социалдык-экономикалык жана маданий укуктарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси С. Касымбековго жүктөлө турганы каралып жатканын белгиледи.