Адам укуктарынын бир айлыгынын алкактарындагы жолугушуулар

20/11/2020 - 14:12

КР Акыйкатчы аппаратынын конференц-залында К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин  студенттери менен жолугушуу болуп өттү.  Жолугушуу Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 72 жылдыгына карата КР Акыйкатчысы Токон Мамытов тарабынан жарыяланган бир айлыктын алкактарында өткөрүлдү. Иш чара КР Акыйкатчы аппаратынын балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмү тарабынан уюштурулуп, Акыйкатчы аппаратынын жооптуу кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Жолугушуу учурунда студенттер КР Акыйкатчы аппаратынын адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ар тараптуу ишмердиги тууралуу кыскача маалымат алышты. КР Акыйкатчысынын орун басары Г.Жамгырчиева жана Акыйкатчы аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери студенттердин суроолоруна жоопторду беришти.   

Жолугушуунун аягында аталган окуу жайдын проректору Азамат Сатиев КР Акыйкатчысынын Ардак грамотасы менен сыйланды.