Адам укуктарынын бир айлыгынын алкагындагы жолугушуу

19/11/2020 - 15:35

10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнүнө карата КР Акыйкатчысы тарабынан жарыяланган Адам укуктарынын бир айлыгынын алкагында белгиленген иш чаралар өтүп жатат. Бүгүн, 2020-жылдын 19-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын  жетекчиси  Аскат Азарбеков  жана Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту.  

Жолугушууда  Аппарат жетекчи студенттерге адам укуктарынын  маанилүүлүгүн белгилеп, жарандардын негизги укуктарынын багыттарына  кеңири токтолду. Студенттер Акыйкатчы институтунун ишмердүүгү боюнча өздөрүнүн сурооолоруна жооп алышты.  Жолугушуунун жыйынтыгында,  Аппарат жетекчи студенттердин алдыдагы окууларына ийгиликтерди каалап, жаштардын адам укугу чөйрөсүндөгү   билимин өркүндөтүү  үчүн алар менен биргеликте ар кандай  иш-чараларды өткөрүү ж.б. боюнча  КР Акыйкатчы (Омбудсмен) институту кызматташууга даяр экендигин билдирди.

 Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар жана башка иш-чаралар Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты жана И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университеттин ортосунда түзүлгөн  кызматташуу тууралуу меморандумдун алкагында  байма-бай өткөрүлүп  турат.