Адам укуктарынын бир айлыгынын алкагында Талас облусундагы иш-чаралар
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облусу боюнча өкүлү Узакбаева Ж., Кыйноолордун алдын алуу борборунун Таластагы өкүлү Н.Абдраимов жана Окуу жайлардын жетекчилиги менен биргеликте 10-декабрь-Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата бир катар иш чаралар өткөрүлүүдө. Жолугушууларда БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын мааниси, БУУ тарабынан кабыл алынган адам укуктарын коргоо жаатындагы Конвенциялардын, Протоколдордун, Келишимдердин мааниси, маңызын, адам укугу баарынан бийик турарын түшүндүргөн жолугушууларды студенттердин арасында өткөрдү. Жолугушуулар төмөнкү окуу жайларда болду:
2021 жылдын 10-ноябрында Талас мамлекеттик университетинде,
16-ноябрда Талас мамлекеттик университетинин кесиптик орто билим берүү бөлүмү (колледжде),
20- ноябрда Билим берүүнүн заманбап информациялар технологиялык институтунун (ИСИТО) Таластагы колледжинде,
25-ноябрда Талас медициналык колледжинде,
Кыргыз Республикасынын Чек- ара кызматына караштуу № 2029 Аскер бөлүгүндө.
Ошондой эле, адам укуктарынын бир айлыгынын алкактарында бир катар иш чараларды өткөрүү мерчемделген. Атап айтсак, 9-декабрда Талас мамлекеттик университетинде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда тегерек стол өткөрүлөт. Ошондой эле 9-декабрда Талас облустук телерадио компаниясында Адам укуктарынын жалпы декларациясынын маанисин, маңызын пропагандалообоюнча КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Узакбаева маек берет.