Адам укуктарынын бир айлыгы жыйынтыкталды
1948-жылы Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган. жыл сайын дүйнөлүк коомчулук Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган күнү -10-декабрды кеңири алкакта белгилешет.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 10-декабрында №765 Токтомуна ылайык, жыл сайын 10-декабрь Кыргыз Республикасында Адам укуктарын коргоо күнү катары белгиленип келе жатат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренесине ылайык, Адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөлдүктү жүргүзүүчү орган катары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту 2019-жылдын 10-ноябрынан 10-декабрга чейин Адам укуктарынын бир айлыгын жарыялаган.
Бир айлыктын алкагында КР Акыйкатчысынын Борбордук аппаратынын кызматкерлери жана бардык жети облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери калктын укуктук маалымдуулугун арттыруу багытындагы иштерди жүргүзүштү. Адам укуктарынын тигил же бул маселелери боюнча тегерек столдор, адам укуктары темасындагы кароо-сынактар, Акыйкатчы аппаратындагы ачык эшиктер күнү Жогорку окуу жайларынын, анын ичинде юридикалык факультеттердин студенттери менен жолугушуулар жогорку деңгээлде уюштурулду.
Кабыл алынганынын 71 жылдыгы белгиленип жаткан Адам укуктарынын жалпы декларациясы тууралуу, анын тарыхый мааниси, декларациянын 30 беренесиндеги ченемдердин бүгүнкү күндө да заманбап мүнөздө экени айтылды.
Ошондой эле окуучулар жана студенттер арасында өткөрүлгөн ар кандай кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү Акыйкатчынын дипломдору менен сыйланды. Ошондой эле, адам укуктарынын бир айлыгына жигердүү катышкан укук коргоочулар, мамлекеттик кызматкерлер, социалдык кызматкерлер, педагогдор, ар түрдүү кесип ээлери, бирок адам укуктарына аяр мамиле жасаган инсандар Акыйкатчынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Бир айлыктын иш чараларына жигердүү катышкандарды сыйлоого ЕККУнун Бишкектеги офиси колдоо көрсөттү.
10-декабрь-Адам укуктарын коргоо күнү БУУнун өкүлчүлүктөрү жана Акыйкатчы Институту тарабынан уюштурулган чоң жыйын болот. Ага бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү, КР жогорку Кеңешинин депутаттары жана коомчулуктун кеңири катмарынын өкүлдөрү катышат.