“Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу” деп аталган эл аралык конференция өтүп жатат

26/10/2022 - 12:30

Эл аралык илимий-практикалык конференцияда адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелеринде адам ушул багыттарда иш алып барган Улуттук Институттардын - Акыйкатчылардын бийлик бутактары жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрү талкууланат.

Мындан тышкары, конференцияда Азербайжан, Дания, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын Акыйкатчыларынын баяндамалары күтүлүүдө.

Иш-чаранын катышуучулары маалымат жана санариптик коопсуздук чөйрөсүндө гендердик теңчиликке көмөк көрсөтүү багыттарында адам укуктарын коргоо боюнча, ишкердик иш-аракет жаатында жагымдуу айлана-чөйрө шарттарын түзүүдөгү Акыйкатчынын ролун, мигрант балдардын укуктарын коргоодо Омбудсмендердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маалымат алмашышып, панелдик талкуулар өткөрүлөт.

Конференциянын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын, Молдова Республикасынын Омбудсмендери менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарына кол коюу мерчемделүүдө.

Ошондой эле, катышуучу-мамлекеттердин Акыйкатчыларынын көз карашы менен максаты бирдей чыккандыгын туюндурган Декларация кабыл алынат.