Адам укуктарын коргоо күнү КР Акыйкатчысынын Талас облустук өкүлчүлүгүндө иш чара өткөрүлдү

11/12/2020 - 09:40

10-декабрь - Кыргызстанда Адам укуктарын  коргоо күнү  КР Акыйкатчысынын Талас  облустук өкүлчүлүгүндө иш чара өткөрүлдү. КР Акыйкатчысы  (Омбудсмени) менен тыгыз байланышта кызматташтыкта  иштешкен мамлекеттик, укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүнө  Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Ардак грамоталары, ыраазылык  баракчалары тапшырылды.

Адам  укуктарын коргоо боюнча бир  айлыктын алкагында  жарыяланган видео  роликтер  сынагына активдүү  катышкан Талас мамлекеттик университетинин  кесиптик орто билим  берүү колледжинин эки студентине ведомстволук  диплом жана сыйлыктар тапшырылды. Иш чаранын жүрүшү  Талас облустук телевидениесине  тартылды.

 Мындан тышкары  кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун Таластагы өкүлү  Н. Абраимов менен  Талас телевидениесинин "Актуалдуу  маек"телекорсөтүүсүнө  чыгып. адам укуктарынын Жалпы декларациясы жана өкүлчүлүктүн адам укуктарын коргоо жаатында аткарган иштери боюнча маек берилди.