Адам укуктары күнүнө карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине Акыйкатчынын сыйлыктары тапшырылды

10/12/2020 - 12:44

10-декабрь –Адам укуктары күнүнө карата өткөрүлгөн жыйында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов  бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Акыйкатчынын ведомстволук сыйлыктары менен сыйлады. Акыйкатчы Токон Мамытов Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң экенин белгиледи. Мындан ары да жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерин тыгыз кызматташууга чакырды.

КР Акыйкатчысынын  “Акыйкат”  медалы менен “Азаттык” радиосунун серепчиси Бакыт Орунбеков сыйланды.

Ал эми КР Акыйкатчысынын Ардак грамотасы менен  “Sputnik KG” кабарчысы Айтурган Сатиева, “Vesti KG” маалымат агенттигинин кабарчысы Акылай Баатырбекова, Биринчи радионун саясий серепчиси Таалайгүл Чабдарова, "Азаттык" радиосунун журналисти Санжар Эралиев, “BBC News” Кыргыз Кызматынан Элеонора Сагындык кызы, “24 KG” маалымат агенттигинин кабарчысы Руслан Харизов, 5-каналдын “Бешинчиде бешөө” телекөрсөтүүсүнүн алып баруучусу Керим Айдаров, “Кактус медиа” кабарчысы Максим Блюм, “Вечерний Бишкек” интернет-редакциясынын кабарчысы Гут Оксана, “Санжыра” радиосунун алып баруучусу Гүлжан Алтымышбаева, медиа эксперт Асель Койлубаева сыйланышты.

Ал эми “ТумарФМ” радиосунун эмгек жамаатына КР Акыйкатчысынын Ыраазычылык каты ыйгарылды.