Адам укуктары боюнча иш чарада КР Акыйкатчысы жөнүндө конституциялык мыйзамдын долбоору тааныштырылды

11/12/2021 - 10:14

10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата КР Акыйкатчы институту тарабынан иш чара өткөрүлдү. Ага КР Президенттик Администрациясынын өкүлү, КР Жогорку Кеңешинин депутаты,  аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык сектор жана  жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Адам укуктары боюнча иш чарада КР Акыйкатчысы жөнүндө конституциялык мыйзамдын долбоору тааныштырылды. Аталган конституциялык мыйзамдын иштеп чыгуучуларынын бири катары Аскат Азарбеков, азыркы колдонуудагы мыйзам менен сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун ортосундагы айырмачылыктарга токтолду.

КР Конституциясынын 110-беренесине ылайык КР Акыйкатчысы (Омбудсменинин) ишмердиги конституциялык мыйзам менен жөнгө салынышы керектиги жазылган. Учурда сунушталып конституциялык мыйзамдын долбоору  Адам укуктарын коргоо менен алектенген улуттук мекемелердин статусу жөнүндөгү Париж принциптерине ылайык келтирилген-деп белгиледи Аскат Азарбеков.  Ал ш чаранын катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.