Адам укуктары боюнча бир айлыктын алкагында Бишкек шаарынын тургундарына акысыз юридикалык кеңештер берилди
Бүгүн, 2021-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын адистештирилген бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калаадагы соода борборлорунун биринде Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна акысыз юридикалык жардам көрсөтүштү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту (Омбудсмен) тарабынан жарыяланган Адам укуктары боюнча бир айлыктын алкагында 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү. Жардам берүүнүн максаты калктын укуктук маалымдуулугун арттыруу болуп саналат.
Соода борборунун бардык каалоочуларына юридикалык кеңештер берилди. Негизинен жарандар алимент өндүрүү, жер талашы, миграция, ажырашуу жана башка маселелер боюнча кайрылышкан. Арыз ээлери соттук териштирүүлөрдүн созулуп жатканына да нааразы болушкан.
Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан жарандарга кеңеш берилип, алардын айрымдарына Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратына жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылуу сунушталды. Бардык кызыккандарга Акыйкатчы институтуна кайрылуунун жол-жобосу, 115 шыр байланыш телефонунун иши тууралуу маалымат берилип, аппараттын байланыш телефондары да берилди.
Акыйкатчы институтунун жетекчилиги соода борборунун жетекчилигине аппараттын кызматкерлерине орун берип, иштөөгө шарт түзүп бергени үчүн ыраазычылык билдирет.
Жарандардын кайрылууга ыңгайлуулугу үчүн мындай иш-чаралар Бишкек шаарынын калаанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан башка ири соода түйүндөрүндө да өткөрүлөт.