"Адам укуктары биздин көзүбүз менен" видео сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи (2021)

17/12/2021 - 12:33

Кечээ, 2021-жылдын 16-декабрында, Москва убактысы боюнча саат 16:00дө түз эфир аркылуу “Адам укуктары биздин көзүбүз менен” эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө сыйлоо аземи болуп өттү. Белгилей кетсек, бул эл аралык сынакта Кыргыз Республикасынын  катышуучулары байгелүү орундарга ээ болушту. Бул сынактын өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты көмөк көрсөттү. Сынак тууралуу маалымат КР Акыйкатчысынын сайтында, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларында жарыяланган.

Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы консулу Рустам Шерипбаев катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Кошумчалай кетсек, Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси жана бул эл аралык сынактын калыстар тобунун мүчөсү Аскат Азарбеков салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларына жана уюштуруучуларына видеокайрылуу жөнөттү.

Адам укуктары боюнча видеоматериалдарды түзүүгө активдүү катышуу Кыргызстандын жаштарына аталган теманын маңызын тереңирээк изилдөөгө жана түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Уюштуруучулардын айтымында, сынакка 4000ден ашык адам катышты; Россия, Казакстан, Беларусь, Өзбекстан, Монголия, Швециянын мектеп окуучуларынан жана студенттеринен 1031 видео эмгек катталды, анын ичинде Кыргыз Республикасынан 54 иш. Эпидемиологиялык кырдаалга жана өкмөттүн талаптарына байланыштуу сынактын уюштуруучулары жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин онлайн форматта өткөрүүнү чечкен.

Сынактын максаты жаштар арасында адептүүлүктү жана укуктук маданиятты калыптандыруу, алардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, коомдо достук жана тынчтык маанайды түзүү жана бекемдөө болгон.

Сынактын жыйынтыгында мектеп окуучулары арасында Бишкек шаарындагы №24 мектептин командасы: Исламов Сабыр, Кеңешбеков Тариэл жана Өмүрбеков Темирлан 3-орунду ээлешти.

2-орунга Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиясынын командасы  Бейсембаева Алана, Асадова Айнура, Иванова Татьяна, Жантөшева Евита, Форостяний Никита жана Ширмина Вера ээ болушту.

ЖОЖдун студенттери арасында 3-орунду Ж.Баласагын атындагы КУУнин командасы: Бербаева Айгелия, Миңбаева Мээрим, Дайырбек кызы Камила, Талантбекова Айтурган ээледи. Ал эми 2-орунду журналистика факультетинин 2-курсунун студенти Назик Турдубекованын эмгеги ээледи.

Жогорку окуу жайлардын студенттери арасында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин командасы: Самыйбек кызы Айжаркын жана Шадыбекова Канзада 1-орунду ээледи.

«Адам укуктары биздин көзүбүз менен» жаштардын эл аралык сынагын “Князь П.Г. Ольденбургский атындагы Санкт-Петербург юридикалык институту” менен “Санкт-Петербург мамлекеттик кино жана телевидение институту” биргеликте уюштурган.   Өнөктөштөр Казакстан Республикасындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү,  Ш.Шайкенов атындагы окуучулар  ассоциациясынын «Street Law Kazakhstan» долбоору, Ленинград областындагы балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Монголиянын Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын жетекчиси ж.б. болушту.