“Адам укуктары биздин көзүбүз менен” сынагын уюштуруу комитетинин ыраазычылык каттары (Санкт-Петербург, Россия)

24/01/2022 - 14:38

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы  (Омбудсмен) институту Кыргыз Республикасынын экс-Акыйкатчысы Токон Мамытов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын жетекчиси А.Азарбеков  жана Акыйкатчы институтунун басма сөз катчысы Б.Сабирова  П.Г. Ольденбург атындагы Санкт-Петербург  укук инстититунун директору А.Б.Гутниковдон  жана «Адам укуктары биздин көзүбүз менен» сынагынын уюштуруу комитетинен «Адам укугу биздин көзүбүз менен» - 2021 Эл аралык жаштар чыгармачыл видео сынагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык каттарын алышты.

Мамытов Токон Болотбековичке адам укуктары идеясын жайылтууга жана аларды сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө жаштардын маалымдуулугун жогорулатууга кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирилет.

Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Азарбеков Аскат Нарынбековичке адам укуктары идеясын жайылтууга жана аларды сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө жаштардын маалымдуулугуна кошкон жеке салымы үчүн, ошондой эле бул сынакка калыстар тобунун мүчөсү катары катышкандыгы,  чыгармачыл сынактын долбоорлоруна объективдүү жана калыс баа бергени үчүн эки ыраазычылык каты тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын басма сөз катчысы Сабирова Барнахан Азатовнага маалыматтык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирилип, жыйынтыгында Кыргызстандын мектеп окуучулары жана студенттери бул сынакка катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан.