Абдраев атындагы музыкалык мектепте социалдык кызматкер, психолог жок. Акыйкатчы маселени тезинен чечүүгө чакырды

04/06/2025 - 15:16

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоого чакырды. 

Жамиля Жаманбаева  Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, балдар өлкөнүн эң башкы байлыгы болуп саналарын белгилейт. 
Акыйкатчы Институту балдардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурат. 
Мукаш Абдраев атындагы Республикалык музыкалык мектеп-интернатынын 9-классынын окуучусунун өлүмүнөн кийин, институттун кызматкерлери бул билим берүү мекемесине монитогринг жүргүздү.

Өспүрүм 2025-жылдын 24-май түнү дааратканадан асынып алган абалда табылган.

Мектептин директорунун милдетин аткаруучу Гоар Баетованын маалыматына караганда, бала бул мектепте 1-класстан бери окуп, интернатта жашап келген. Анын окуусунда жана курбу-курдаштары менен мамилесинде эч кандай көйгөйлөр болгон эмес. 

Учурда, бул окуя боюнча Биринчи Май РИИБү тергөө иштерин жүргүзүп жатат. 
Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Мындан тышкары, окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Музыкалык мектепте 1-класстан 11-класска чейин 513 окуучу билим алат, алардын ичинен 200 бала жатаканада жашайт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептин штатында социалдык кызматкер, психолог жана түнкү убакыттагы тарбиячы каралган эмес.

Гоар Баетованын айтымында, түнкү кезекте жалгыз тарбиячы калып, ал балдарга да, кыздарга да көзөмөл жүргүзүүгө аргасыз болот.

«Биздин штаттык бирдиктерибизде түнкү тарбиячы каралган эмес. Бирок биз өз тарбиячыларыбызга түнкүсүн нөөмөттө турууну милдеттендиргенбиз», — деди директордун милдетин аткаруучу.

Ал эми билим берүү мекемесинин уставында (Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 2019-жылдын 30-августундагы буйругу менен бекитилген) тарбиячы балдардын өмүрү жана саламаттыгы үчүн жооптуу деп көрсөтүлгөнү менен, түнкү тарбиячылардын маселеси мектеп түзүлгөндөн бери чечиле элек.
Ошондой эле, мектепте окуучулар өз кайрылууларын, арыз-даттанууларын жана сунуштарын калтыра ала турган атайын ящик же журнал жок.

Мектепке видеокөзөмөл орнотулган, бирок, ага кирүү укугу директордо гана бар. Ал эми директор болсо саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Күзөтчүлөр видеокөзөмөлдү карай албагандыктан  24 сааттык байкоо жок.
Акыйкатчы Институту Маданият жана маалымат министрлигине мектепти жакын арада психолог жана социалдык кызматкерлер менен камсыздоону сунуштап кат жөнөттү.

Жамиля Жаманбаева түнкүсүн интернаттарда тарбиячылардын, психологдун жана социалдык кызматкердин болушу балдардын психологиялык жана физикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын укуктарын коргоо үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.