А.Атамбаевдин тарапкерлери КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын кабыл алуусуна келишти

23/03/2022 - 14:55

Бүгүн, 2022-жылдын 23-мартында КР Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкери Биринчи май райондук сотунда А.Атабаевдин иши боюнча өтүүчү сот отурмуна мониторинг жүргүзүү үчүн барган, имараттын айланасында болгон жагдайга мониторинг жүргүздү.

Андан кийин КР Акыйкатчы аппаратына  А. Атамбаевдин, Ф. Ниязовдун, А. Сегизбаевдин бир топ тарапкерлери келишкен. Аларды КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова кабыл алды. Арыз ээлерине буга чейин Акыйкатчы институту тарабынан аткарылган иштер тууралуу (анын ичинде А.Атамбаевге УКМК ТИЗОсунда жана КР Юстиция министрлигинин Жазык аткаруу кызматынын №47 түзөтүү колониясында жолугушканы жана өз убагында ал баруулар тууралуу коомчулукка маалымдалганы тууралуу) маалымат берилди 

Ошондой эле КР Акыйкатчы институту тарабынан анын мыйзамдык ыйгарымдары жана мандатына ылайык аткарылуучу иштер тууралуу айтылды, атап айтканда: 

1) эртең, 2022-жылдын 24-мартында, КР Акыйкатчысынын орун басары А.Колопов  А. Атамбаевге, Ф. Ниязовго жана бир катар башка адамдарга барып жолугуп, окуя тууралуу алардын түшүндүрмөсүн алышат, ошондой эле жаза аткаруу кызматынын, колониянын администрациясынын позициялары боюнча түшүнүк алынат.. 

2) А.Атамбаевдин тарапкерлеринин жана жактоочусунун бүгүн Биринчи май райондук сотунун алдындагы дооматтары боюнча маалыматтар суралат; 

3) Акыйкатчы институтунун өкүлү жолуккан адамдардын баарысынын ден соолугунун абалы боюнча маалыматтар иликтенет. 

Бардык жагдайлар жана тараптардын жүйөлөрү, ошондой эле Акыйкатчы институту тарабынан суралып алынган маалымат кылдаттык менен каралып чыккан соң, КР Акыйкатчы институтунун  ыйгарымдарынын алкагында жана мандатына ылайык, андан аркы аракеттер тууралуу чечим кабыл алынат.