8 жашар зордукталды деген кыздын окуясы Акыйкатчынын көзөмөлүндө

31/10/2018 - 13:44

Буга чейин интернет сайттарга «Ошто 4 класста окуган кызын атасы зордуктагандыгы тууралуу» тараган маалыматка карата, Акыйкатчы Токон Мамытов Ош облусунун өкүлчүлүгүнө тийиштүү тапшырмаларды берген.

Тапшырма боюнча 30-октябрда Ош өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери зордукталды делген кыз менен апасы башпаанек кылып жаткан Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборуна барышты.

«Ак жүрөктүн» кызматкерлери учурда кыздын башы ооруп жаткандыгына (нервный стреск) жана апасынын денесинде көгөргөн жерлери барына байланыштуу алар менен сүйлөштүрүүдөн баш тартты. Аларды тергөөчүдөн башка эч ким менен сүйлөштүрбөй жатыптыр.

«Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Д.Асылбекова кыз М. А. окуясы боюнча тергөө иштерин Ноокат райондук ички иштер бөлүмүндө жүргүзбөй, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жүргүзүүсүн суранып жаткандыгын билдирди. Себеби эгерде Ноокат районуна бара турган болсо, күйөөсүнүн туугандары ар түрдүү кысымдарды көрсөтүшү анык экендигин белгилейт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Насыров М.М. менен байланышып тергөө амалдарынын жүрүшү боюнча суроого, тергөө амалдарынын жүрүп жаткандыгын, алгачкы соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча зордукталган кыз М.А. кыз белгиси бузулбагандыгын, бирок арткы арт жагы (задний проход) жарылгандыгын белгилөө менен тергөө амалдарынын жүрүшү анын көзөмөлүндө экендигин билдирип, бирок, тергөөнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына алуу тууралуу маселе козголбогондугун билдирди.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, бул окуя боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына алуу тууралуу маселени Д.Асылбеков кыздын апасы (жабырлануучулар) менен сүйлөшкөн соң Ош облустук прокуратурага, Акыйкатчыга кат аркылуу сунуш кылып билдирмей болду.

Болгон окуя Акыйкатчынын Акыйкатчынын көзөмөлүндө.