2018-жылдын 18-сентябрында КРнын Акыйкатчы институту АТФ (Азия-Тынч океандык) форумунун бирикмелик мүчөсү болуп кабыл алынды

20/09/2018 - 19:56

КР Акыйкатчысынын орунбасары Е. Алимбаев 23-чү жолу болуп жаткан жыл сайын өтүүчү Азия-Тынч океандык форумунун жалпы чогулушунун Улуттук укук коргоочу мекемелердин жана тең укуктуулук суроолору боюнча Эл аралык конференцияга катышууда. Аталган иш- чара Гонконг шаарында өтүүдө.

 Конференция тең укуктуулукка көмөк көрсөтүү, Гонконгдо жана региондо басмырлоону жок кылуу максатында алдыңкы тажрыйбаны жана негизги көйгөйлөр менен алмашуу үчүн бүткүл Азия-Тынч океан аймагындагы АТФдин бардык мүчөлөрүн, тең укуктуулук маселелери боюнча органдарды, жарандык коомдун өкүлдөрүн, академиктерди жана БУУ мекемелерин бириктирет. Анын ишинин алкагында Азия жана Тынч океан чөлкөмүндөгү жана бүтүндөй аймактагы мамлекеттердеги тийиштүү группалардын тең укуктуулук боюнча төмөндөгүдөй көйгөйлөрү каралат: аялдардын тең укуктуулугу, мүмкүнчүлүгү чектелген жана өзүнчө рассалык группалардын тең укутуулугу. Ошондой эле басмырлоону азайтуу жана тең укуктуулукту алдыга жылдыруу үчүн Гонконг же Азия – Тынч океандык аймакта ишке ашырууга жөнү бар мыйзам чыгаруу саясатында жана тажрыйбада мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат.

Ошондой эле күн тартибинде КРнын Акыйкатчы институтунун АТФ мүчөлүгүнө толук кирүү маселеси турган. Тийиштүү сүйлөшүүлөр 2017-жылдан бери жүрүп келген. 2018-жылдын февраль айында (КРнын экс-Акыйкатчысы) Кубат Оторбаев тийиштүү билдирмени берген. Жыйынтыгында, 2018-жылдын 18-сентябрында КРнын Акыйкатчы институту Гонконг шаарындагы АТФге толук кандуу бирикмелик мүчөсү болуп кабыл алынган. Бул Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине АТФ тарабынан эксперттик көмөк көрсөтүү учурунда өз потенциалын баалоого жана жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Аны менен бирге аталган уюмдун катышуучуларынын ортосунда тажрыйба алмашууга көмөктөшөт.

Конференциянын жүрүшүндө КРнын Акыйкатчысынын орун басары Ерлан Алимбаев өз сөзүндө КРнын Акыйкатчы институтунун жаралуу тарыхына жана мекеменин укуктук статусуна токтолду. Ошондой эле КРнын Акыйкатчы институтунун басмырлоонун бардык түрлөрүну азайтуу боюнча тажрыйбасы жөнүндө кыскача баяндама жасады.