200 миң сом өлчөмүндө насыя алган үй-бүлө баасы 2 миллион сомдон ашуун турган турак жайынан ажыраган
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына II топтогу майып Ч.Жумагулова апасы 1930 -жылы туулган К.Оморованын кызыкчылыгында кайрылып, «Золотой Стандарт» МКК компаниясынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери үчүн аларга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Кайрылуудан жана арыз ээси менен болгон сүйлөшүүдөн көрүнүп тургандай, 200 миң сом өлчөмүндө кредит алганда, кредиттик компания күрөөгө коюлган мүлктү соттун чечимисиз эле сатуу укугуна ээ делген 2011-жылдын 29 -августундагы келишимге тиркелген. К.Оморова кол коюп жатканда келишим менен таанышкан эмес, ага келишимдин мазмуну жана маңызы түшүндүрүлгөн эмес. Жыйынтыгында, К.Оморованын үйү мыйзамсыз сатылган, ал эми кредиттин суммасы турак үйдүн баасынан көп эсе аз. Арыздануучу кредиттик мекеменин кызмат адамдары тарабынан алдамчылык болгон деп эсептейт.
Бул факты учурда Бишкек шаарынын Свердлов районунун тергөө органдарында каралып жатканын эске алып, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты Свердлов районунун прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик соттук экспертиза борборуна соттук курулуш жана техникалык экспертиза дайындоо жана Бишкек ш, Свердлов району, Лермонтов көчөсү 85 дарегинде жайгашкан турак үйдүн 2011-жылдын 29-августуна карата (күрөө келишими түзүлгөн күнгө карата) рыноктук наркын аныктоо үчүн экспертиза дайындоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кат жөнөттү. Белгилей кетсек, бул үй азыркы учурда сүрдүрүлгөн. 90 жаштагы арыз ээсине жана анын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү максатында Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жерине барышкан.
К.Оморованын кызы Ч.Жумагулованын бул окуяда башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз тартып алууга байланыштуу кылмыштын курамы бар деген божомолу бар.
Мисалы, "Золотой Стандарт" микрокредиттик компаниясы жогоруда аталган кыймылсыз мүлктү 1 миллион 400 миң сомго жакын суммага саткан, арыз ээлеринин эсебинде, ошол мезгилде ушул эле үйдүн наркы 2 миллион 400 миң сом болчу деп эсептейт.
Бул арыздын чечилиши Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын көзөмөлүндө.