115 Шыр байланыш телефонуна чалуулардын саны кескин көбөйдү
14/07/2021 - 13:45
Урматтуу жарандар!
Адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын “115 -Шыр байланыш” кызматына кайрылуу зарылдыгы тууралу уюлдук операторлор аркылуу SMS билдирүүлөр жиберилгенден кийин, келип түшкөн чалуулардын саны кескин көбөйдү.
Буга байланыштуу "115 –Шыр байланыш" кызматы ашыкча чалууларга толуп кетти.
Түзүлгөн кырдаалды эске алып, адам укуктары боюнча “115-Шыр байланыш” кызматынан тышкары төмөнкү даректерге кайрылсаңыздар болот:
ombudsman@inbox.ru электрондук дарегине;
Чат бот Телеграмм каналына https://t.me/Akyikatchy_bot:
Ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу багыттары боюнча:
- укук коргоо ж.б.органдары тарабынан эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында адам укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо бөлүмү- (0312) 66-33-05.
- сот органдары менен иштөө жана сот процесстерин мониторингдөө бөлүмү- (0312) 66-32-59.
- жарандык –саясий укуктарды, мигранттардын,чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча бөлүмү- (0312) 66-32-39.
- социалдык – экономикалык жана маданий укуктар бөлүмү-(0312) 66-31-48.
- психиятрлык мекемелердеги пациенттердин укуктарын коргоо боюнча кызмат-(0312) 59-50-23.
- балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмү- (0312) 66-31-43.
- жарандардын кайрылууларын кабыл алуу бөлүмү-(0312) 66-32-80.